"Эламанды" ырдап Ибрагим Жунусовду сүйүнткөн Самара Каримованын Ташкенттеги концерти аншлаг менен өттү

25-июнда Ташкент шаарындагы Мукими атындагы мамлекеттик музыкалык драма театрында ырчы Самара Каримованын жеке концерти аншлаг менен өттү. Эки мамлекеттин ынтымагы үчүн өткөн концертти оркестр коштоп турду.

Ага Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов дагы катышты. Ырчы Ибрагим Жунусовдун "Эламан" аттуу ырын аткарганда элчи кубанганынан ордунан туруп, кол чаап, кубаттап жатты. Самара Каримова өзбекстандык Озодбек Назарбеков, Ботир Кодиров өңдүү ырчылар менен дуэт аткарды. Кыргыз жана өзбек тилиндеги ырлар жаңырган концертте көрүүчүлөр да бийлеп турушту.
Ырчы “Супер-Инфого” берген маегинде "Ташкенттеги концерттен кийин Өзбекстандын Манас айылындагы туугандарга концерт коюп барам" деп айткан.
Озодбек Назарбеков менен Самара Каримованын дуэти
Самара Каримованын Ташкенттеги концерти аншлаг менен өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Nurtilek06
2019-06-26 08:58:48
Азамат Самара дагы да чыгармачылык ийгилик!!!
0
aydinnur
2019-06-26 09:04:25
Бали,бали Самара карындашым элдерди уктата ырдаган экенсиң да)))
+16
aydinnur
2019-06-26 09:08:02
Ала топу туугандар жок го...Же Асан аке Оштон автобус менен ташып барган жокпу элди деген жаман ой келип кетип жатат..)))
+18
Bars88
2019-06-26 09:29:35
aydinnur,Айлыктарынан кармаппы.Чын эле озубуздукулорго баары
+7
Muslim_KGstana.
2019-06-26 09:34:02
Самара дагы билет да тугот каерде ырдашты))
+3
voennyi88
2019-06-26 09:40:28
Айтчы сага эмне болду Самара/10кундоп концерт коесун дайыма/супер инфого болду чыкпайт деп журсом/кыйраткансып чыга берет дайыма.Бар болгунун А[moderated]мдин жанынды.
-2
Avrora2017
2019-06-26 13:55:33
voennyi88,концерт койсо сенин бирдемен короп атабы, колунардан келсе койуп алгыла
-1
kechirmeni
2019-06-26 10:40:15
Озунор кыла албайсынар кылганды коро албайсынар, Самара бир жеринерди тырмап атабы, андан коро ийгилик каалагыла, Кыргызстандын желегин желбирете берсин
+1
aikokul14
2019-06-26 11:32:18
Азаматсың Самара!
Ит үрө берет,кербен жүрө берет.
Кыйын аял экенсиң,азамат!
0
boston___
2019-06-26 11:35:31
озу чындыгында кыргызстандан коп адам барыптыр кече ХХХХХХХХ кабардан кордумле
+5
Dembele84
2019-06-26 11:36:42
Вот ушуну кичине алдыга жылуу десе болот,коншу мамлекеттерге барып концерт коюп,чем той топурларда эле жар жар ырдап жургонго караганда...
+2
kechirmeni
2019-06-26 11:42:22
Dembele84,шо да
-1
kechirmeni
2019-06-26 11:45:32
анан коет деп мурункудай 20 кун койбой чени менен коюш керек, баягында драмда 19 кун койгондо эл жаман коруп калган
+4
Skarlett-Skarlett
2019-06-26 11:50:41
Кыргыздар эле толтура го ыя
+5
bond02
2019-06-26 12:28:17
Кыргыздар Самаранын концертин Оштон коро албай Озбекстанга барып коруп келишкен окшойт, баары эле озубуздукулор го.
+10
katerina.li
2019-06-26 13:28:42
Эми озунор ойлосонор,Ташкентте озбек ырчылар толтура,Самарадан он эсе сонун ырдашкан. Анан озбектер бармак беле ,озубуздун эле кыргыздар барат да. Кичинекей бир залы бар дом Культурыга койсо керек. Филврмониясы башкача Ташкенттин. Кенен анан отто коооз.
+4
Targarien
2019-06-26 19:33:30
Озбекстандын чон сахнасында концерт бердиби десе бужуройгон театр экен го
+6
Bobby1995
2019-06-26 23:06:39
Targarien, Кыргызстан да ушу бужуройгон болсода сахна бар бекен
-2
didu
2019-06-26 22:09:59
азаматсын эсин оодара ырдаган окшойсун эжекени
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан