Кайрат Нуртастын жубайы: "Күйөөмдүн жанындагы сулуу кыздар бир күндүк"

Казакстандын мега жылдызы Кайрат Нуртастын жубайы Жулдыз Абдукаримова жолдошу менен жетелешип, кучакташкан кыздарга баа берип, аларды бир күндүк деп атады. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде айткан.

Жулдыз Абдукаримова күйөөсүн ашкере кызганбай турганын айткан. Анткени жолдошу кызганууга эч кандай себеп бербесин, өзүнүн сулуулугуна ишене турганын билдирген.

"Күйөөмдү такыр кызганган эмесмин, мындан кийин дагы кызганбайм. Кайрат мени эч качан алдаган эмес, кымындай дагы шек жараткан эмес. Мындан улам мен ага толук ишенем. Ооба, клиптерге сулуу кыздар менен тартылат. Бирок менин сулуулугум алардан кем калышпайт. Силер кыздарды менден жаш деп жатасыңар. Мен кыздардын жаштыгына эмес, чыгармачылыгына баа берем. Кайрат менен клипке тартылган кыздар - жолдошумдун чыгармачылыктагы кесиптештери. Клипке тартылуу алардын жумушу. Кыздар бир күндүк, 1-2 сааттык эле. Андыктан мен аларды атаандашым деп эсептебейм", - деген ал.

Буга чейин социалдык тармактарда казакстандык ырчылар Кайрат Нуртас менен Камшат Жолдубаева кол кармашып баскан видео тарап, кызуу талкууга алынган.

Кайрат Нуртас менен Жулдыз Абдукаримованын ортосунда Сезим, Алау аттуу кыздары жана Нарул, Хан деген уулдары бар.

Кайрат Нуртастын жубайы: “Күйөөмдүн жанындагы кыздар бир күндүк“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
momun74
2019-06-26 10:43:17
Эн туура
+19
mirkaa5182
2019-06-26 10:58:16
Туура эле айтыптыр, кыздар 1-2 сааттык да, жабышып калмак беле.
+21
kechirmeni
2019-06-26 11:20:40
баарынын оозун жааптыр го, туура кылат
+21
elb_2121
2019-06-26 11:56:02
Акылдуу аял экен
+17
kushu_bek
2019-06-26 12:22:42
Жадакалса мал дагы кызганатко.
+7
gulzat85
2019-06-26 13:54:55
Супсуу айым чындыгында
+7
Ziregim
2019-06-26 15:43:19
Кызганганы учун комментарий берди да, ойлпмун Камшат менен эл жок жерден жетелешип жургон го деп, эл коп жерде кесиптеш катары эле ээрчишиптирго
+3
Pandora
2019-06-27 09:32:15
Ziregim,Кээде бир нерсеге конул бурбай койгун келет, баягы "ЭЛ" кайра-кайра чукуп комментарии бергенге мажбур кылат.Кызганса кызганчуудай жолдошу бар, керек болсо койчуман куйоонду да кызганасын."Кызганбайм" -деп именно 1-2 саатык кыздар тени эмес экенин белгилептир .
+1
Begimkyz.
2019-06-26 18:05:25
Рас кылдын)
+5
Klaridze
2019-06-27 13:15:25
Элдер оюна келген создорду жазып жатса комментарий жазды да, бири-бирине ишенишкен учун жашап жатышат да .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан