Бүгүн, 26-июнда парламентте “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда. Анда Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын адистери табыгый кырсыктан кыйраган үйлөрдүн ээлери канча акча каражат аларын айтты.
"Шаарларда 1 миллион сомго чейин, айылдарда 500 миң сомго чейин суммадагы акча берилет. Көлөмдү атайын комиссия аныктайт. Эң минималдуу төлөм 1000 сом болгон: айылда катуу шамалдан улам бир үйдүн 2 шифери сынып калган", - деди адис.
Мындан тышкары жалпысынан өлкө боюнча Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын 52 кызматкери иштеп жатканы белгилүү болду.