Мирбек Атабеков атасынын 60 жылдыгына арнап куран окутуп, туулуп-өскөн айылына концерт койду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 25-июнда Таластагы Жон-Арык айылына концерт койду. Бул концерттик иш-чара атасынын элесине арналып уюштурулган.

"Атам Бообек Атабеков 27 жашында каза болгон. Жаш экенине карабай райондогу маданият тармагында иштеп, элге кызмат кылган. Бүгүнкү күнгө чейин айылыма барып калганда атам тууралуу жакшы сөздөрдү көп угам. Ал тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Мындан улам атама куран окутуп, айыл аксакалдарынан бата алдык. Ал эми кечинде тургундарга концерт койдук. Иш-чара абдан жакшы өттү, мындай концерт болгон эмес. Элиме, мени колдоп келген чыгармачылыктагы кесиптештериме, классташтарыма, агаларыма ыраазычылык билдирем", - дейт ырчы.

Концертке Райхан Абдувалиева, Нурлан Насип, Бек Исраилов, Өмүрбек Андарбеков, Толгонай Арзыкеева конок катары келип ырдашты. Ал эми иш-чарада Канай Анаркулов алып баруучулук тизгинди аркалаган.

Мирбек Атабеков туулуп-өскөн айылына концерт койду
Мирбек Атабеков айыл аксакалдарынын батасын алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aza84
2019-06-26 18:02:44
Кантсе дагы кыргызымдын номер 1 ырчыларынанда
0
JENTLEMAN
2019-06-26 18:37:08
Куран окутуп туруп, анан кечинде кайра концерт бергени эмнеси? Окуткан Кураны пайдасыз болуп калыптырго. Ошон үчүн артистта)).
+3
Aman_Mansurov
2019-06-27 01:53:25
JENTLEMAN,Окуткан Кураны пайдасыз болуп калганына далил барбы? Ким айтты пайдасыз болуп калды деп?
0
filis
2019-06-26 20:11:25
Ыр болуп турсун. Азамат Мирбек. Ырдап тур, элдин маанайын которуп дегендей.
+1
Klaridze
2019-06-27 13:04:35
Туура кылыптыр,элге эч нерсе жакпайт,куран окутуп концерт бербей койсо да айтышмак бир эки ырдап кетсе болмок да деп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан