24-июнда саат 14:30дарда Нарын-Баетов унаа жолунда катталган жол кырсыгында айдоочу каза болуп, унаанын ичиндеги 4 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жеткирилгени маалымдалган.
Ал эми кечээ, 25-июнда жүргүнчүлөрдүн бири ооруканада көз жумганын Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"Жол кырсыгынан кийин 3 жүргүнчү травматология бөлүмүнө, ал эми бирөө жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген жаран эсине келбей 25-июнда көз жумду", - дейт басма сөз кызматы.
Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатып, унааны башкара албай алгач түркүктү, андан соң бакты сүзгөн.
"Айдоочуларга жол эрежелерин бузбай, коопсуздукту сактап жүргүнчүлөрдүн жана өз өмүрүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун өтүнөбүз" дейт маалымат кызматы.