Буга чейин социалдык тармактарда Оштогу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын атайын кызматкерлери куралчан Бишкекке келди делген маалымат тарап, талкууга алынган. Буга байланыштуу УКМК билдирүү таратты.
"УКМК айрым социалдык тармактарда Ош шаардык башкармалыгынан куралчан атайын кызматкерлери Бишкек шаарына келди деген маалыматтар чындыкка дал келбейт деп расмий түрдө билдирет. Бүгүнкү күндө УКМК тарабынан атайын күчтөр катышкан кандайдыр бир ыкчам операциялар жүргүзүлгөн жок. УКМК мындай маалыматты “фейк” жана мамлекеттеги коомдук-саясий абалды чыңдоо максатында жүрүп жаткан аракеттер деп эсептейт", - деп жазылган билдирүүдө.
Буга байланыштуу УКМК тарабынан бул маалыматтарды жайылтууга катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын басма сөз кызматы кошумчалайт.