Казакстандын Арыс шаарындагы жарылууга байланыштуу токтотулган Бишкек-Москва каттамындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин каттамы жанданды. Мындай маалыматты "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
"Бүгүн, 26-июндан тарта жүргүнчү ташыган поезд каттамы кайрадан жанданды. Каттам мурдагы эреже менен жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы:
24-июнда эртең мененки саат 09:20 чамасында Арыс шаарынын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринде жарылуу орун алып, шаар тургундары башка аймакка көчүрүлгөн.
Окуядан үч адам каза болуп, Түркстан облусундагы ооруканаларда жарылуудан жаракат алган 70 адам дарыланууда. Көпчүлүгү денесинен күйүк жана снаряд, айнектердин сыныктарынан жаракат алгандар, иске уулангандар бар.