24-июнда өлкө боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылган. Берилген аттестаттар ката жазылгандыгы тууралуу сүрөт социалдык тармактарга жарыяланып, колдонуучулар тарабынан сынга алынган. Жарыяланган сүрөттөн аттестатка жазылган "жөнүндөгү" деген сөз "жөнүңдөгү" болуп жазылганын көрүүгө болот.
"Ката жазылган аттестаттар кайрадан басылып чыгабы?" деген суроо менен Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жооп уктук:
"Министрлик "Учкун" басмаканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп аттестаттарда эч кандай ката жок деген чечимге келдик. Басмаканадан билдиришкендей аттестат басылып жаткан учурда краскадан улам "н" тамгасы "ң" тамгасына окшошуп калган. Ал жакта эч кандай грамматикалык ката жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Ошондой эле аталган аттестаттар бардык окуу жайларда эч кандай маселеси жок кабыл алынарын министрликтен кошумчалашты.