ИИМ: "Саляновдун өлүмүндө саясий мотив болушу мүмкүн деген божомолдор каралууда"

Маркум Улан Салянов.Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүндө саясий мотив болушу мүмкүн деген божомолдор каралууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган. Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү Асанэмир Абыкулов, Эрмек Осмонкулов жана Заур Насруллаев аттуу үч адам кармалган. Акыркысы болуп Асанэмир Абыкулов ушул жылдын 22-майында Москва шаарынан Бишкекке алынып келген.

"Жүрүп жаткан соттук процесстерден жана бул иш боюнча улантылып жаткан иликтөөлөрдө кылмышта саясий мотив болушу мүмкүн деген божомолдор да каралууда", - деп айтылат маалыматта.

Улан Саляновдун өлүмүнө негизги шектүү Бишкекке алынып келинген
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан