Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун апасы каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда активист социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.
Буга чейин социалдык тармактарда активист 86 жаштагы апасы узак убакыттан бери ооруп жатканын билдирип, аны өзү карай турганын айткан видеосу жарыяланган болчу.
"Мээрими күндүн табынан да ысык, эч кимге алмаштыргыс асыл апамдан ажырадым. Ыйлап, сыздайм. Айла, арга жок. Кош болуңуз", - деп жазган активист.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Өндүрүш Токтонасыровдун апасы дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.