Орусияда мектеп бүтүрүүчүсүн зордуктаганга аракет кылган деп Кыргыз жараны изделүүдө

Орусиянын полиция кызматы мектеп бүтүрүүчүсүн зордуктаганга аракет кылган деп 24 жаштагы Кыргыз жаранын издөөдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Ленинград облусунда 24-июнь күнү түнкү саат 2:15тер чамасында болгон. Анда угуусу начар окуучулар мектебинин окуучусу бүтүрүү кечесинен келе жаткан.

Жабырлануучунун атасынын айтымында, бүтүрүү кечесинен келе жаткан кызы белгилүү фирманын такси кызматын чакырган. Айтылган дарекке жеткирген соң айдоочу ага карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди көрө баштаган. Кыз айдоочудан качып кеткенге жетишкен.

Шектелип жаткан айдоочунун унаасынын маркасы жана мамлекеттик номери белгилүү болгон. Азыркы тапта шектүүнү кармоо үчүн бардык иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгы маалыматта жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Akyl78.1501
2019-06-27 05:07:50
Ушундайлардын кылган ишинен биз жакшы иштеп жургон Кыргызстандыктар жабыр тартып орустардан жаман соз угуп жатабыз.
+6
MEN95
2019-06-27 13:22:31
Айланайын кыргыздар биздин россиядан таап жеп жаткан ырыскыбызды кыйбагылачы. уят уят уят. Деги качан чет жерде озубузду алып жургонду уйронот экенбиз.Самара Кадырованында кылыгы жетет эле бизге.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан