Бүгүн, 26-июнда өлкө чемпиону "Дордой" быйылкы жылдагы АФК Кубогунда жүрүшүн жыйынтыктады. Бишкектик команда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Худжанд" командасы менен кез келди.
Бүйүр кызыткан оюндун жүрүшүндө "Дордой" клубу жеңишке жетишти. Алгач оюндун 6-мүнөтүндө Вахыт Оразсахедов гол киргизип, эсеп санын ачты. Андан соң Мирлан Мурзаев оюндун 44-мүнөтүндө атаандаштарынын дарбазасына дагы бир гол киргизди. Ал эми Артур Валикаев оюндун 60-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти 3:0гө айлантты.
Көптөгөн чабуулдарды уюштуруп, канча аркет кылса дагы коноктор талаа ээлеринин голдоруна жооп кайтара алган жок.
Айта кетсек, "Дордой" АФК Кубогунда "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. 5 турдан кийин "Дордой" 4 упай гана топтоп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган.