Акыркы 2 күндөн бери социалдык тармактарда белгисиз жаран көчөдө кетип бара жаткан аялды себепсиз катуу ур-токмокко алган видео тарап жаткан. Анда интернет колдонуучулар окуя Бишкектин Иса Ахунбаев-Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган деп жазып чыгышкан. Видеодо окуя 22-июнда түнкү саат 00:44тө болгонун көрүүгө болот.
Бул тууралуу Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда төмөндөгүдөй билдиришти: "Видеодогу окуя Кыргыз өлкөсүндө болгон эмес. Социалдык тармактарда жазылган ой-пикирлер чындыкка дал келбейт. Окуя Кытайдын Ляонин провинциясында орун алган. Учурда кылмышка шектүү издөөгө алынып, түрдүү жаракаттарды алган 29 жаштагы жабырлануучу ооруканага жаткырылган", - деп билдиришти.