27-июндан 30-июнга чейин борбор калаадагы Ибраимов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аталган көчөнүн Киев жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн аралыгындагы бөлүгүндө оңдоо иштери жүрөт.
"Оңдоо иштерин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы аткарат. Жолдун айрым жерлери бузулгандыктан үстүңкү 6-8 сантиметр тереңдиктеги катмарын толук алмаштыруу зарылдыгы келип чыкты. Ыңгайсыздык жаралганы үчүн мэрия шаар тургундарынан кечирим сурайт" деп айтылат маалыматта.