Бишкектеги А.Токомбаев көчөсүндө 3 унаа сүзүшүп, 1 адам ооруканага жаткырылды. Мындай маалыматты Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.
Жол кырсыгы 27-июнда түнкү саат 00:10 чамасында орун алган.
"А.Токомбаев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жаткан Тойота 4Runner үлгүсүндөгү унаа батыш тарапка багыт алган БМВ 525 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп кеткен. Кырсыктан качам деген БМВ 525 унаасынын айдоочусу БМВ 545 үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен БМВ 525 унаасынын жүргүнчүсү К.К. "Тез жардам" кызматы аркылууу ооруканага жеткирилген. Ал эми унаалар айып аянтчасына токтотулду", - дейт басма сөз кызматынан.