"Сосновка" өткөрмө постунда электрондук шлагбаумдар толук кандуу иштебей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда парламенттин жыйынында депутат Эрмамат Тагаев билдирди.
Анын айтымында, аталган постто иштегендер акча алуу үчүн жасалма унаа тыгынын жаратып, бир тилкени калтырууда. Ал транспорт жана жолдор министрине кайрылып, "Сосновкадан" өткөн унаалардын саны боюнча эки башка маалыматтар түшүп жатканын айтты. "Сиздин маалыматыңыз боюнча 5 айда посттон 72 миң унаа өтүптүр, ал эми мага келген маалыматтар боюнча, 151 миң унаа өткөн" деди Тагаев.
Министр Жанат Бейшенов жооп бергендей, "Сосновкадагы" пост анын көзөмөлүндө турат. "Бул посттон киреше 20 пайызга өстү. Айрым учурларда ар кандай себептер менен шлагбаумдар иштебей калууда. Айдоочулар шлагбаумду сүзүп жатышат же электр энергиясы өчүп калат. Күн сайын ар кандай үзгүлтүккө учуроолор болууда", - деди министр.