26-июнда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында таэквондо ITF боюнча Ачык Азия чемпиондугу жана кубогунун ачылыш аземи орун алды.
Аталган мелдештин ачылыш аземинде таэквондо боюнча эл аралык федерациянын президенти Чой Жун Хва катышты.
Бул мелдеште 15 өлкөдөн келген жалпы 1000ге жакын спортчунун катышуусу күтүлөт. Спортчулар Кыргыз өлкөсүнөн, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Италия, Бразилия, Индия, Кытай, Малайзия, Англия, Ооганстан, АКШ, Молдова, Гонконг жана Түштүк Корея өлкөлөрүнөн катышат.