5-6-август күндөрү балдардын жайкы эс алуусунун алкагында, Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети КТРК менен биргеликте жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен “Аптап таймаштары” аттуу суу-спорт оюндары боюнча чоң программадагы майрам өткөрөт. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чаранын максаты - шаар тургундарын спортко тартуу. Асанбай кичи району №13-үйдө жайгашкан бассейнде өтүүчү майрамга шаардын тургундары катыша алышат. Бүгүн, 5-августта саат 15:00дө башталчу спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышат.