Бишкектеги Ибраимов көчөсүндө жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн айдоочу бир адамды сүзүп кетти. Мындай маалыматты Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Окуя бүгүн, 27-июнда эртең мененки саат 09:04 чамасында орун алган.
"Хонда Civic үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Д.В. Ибраимов көчөсү менен түндүк тарапты көздөй баратып №107 номерлүү үйдүн алдынан жөө адамды сүзүп кеткен. Жабырланган кыз "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Ал эми унаа айып аянтчасына токтотулду", - дейт маалымат кызматынан.