27-июнда Чүй облусуна караштуу Байтик айылындагы жайлоодо жер көчкүнүн жылганы байкалды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Байтик айыл аймагынын Көк кумак жайлоосунда кыймылга келген жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 30 миң метр куб.
"Адам өмүрүнө жана турак үйлөргө коркунуч жок. Окуя болгон жерге ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгынын башчысы, Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысы, Мониторинг департаментинен 2 адис, Аламүдүн райондук администрациясынын башчысынын орун басары жана Байтик айыл аймагынын башчысы кетишти", - деп айтылат маалыматта.