Чет жердеги мекендештер арасында кыргыз тили боюнча сынак өткөрүлөт

Чет жердеги мекендештер арасында кыргыз тили боюнча сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналып, дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө жашаган мекендештер арасында кыргыз тили боюнча сынактар өткөрүлөт.

"Аталган мааракенин алкагында мындан сырткары илимий-практикалык конференция, "Кел кыргызча сүйлөйлү" жаштар акциясы, флэш-мобдор, мектеп окуучулары арасында кыргыз тилинин жашоодогу ролу жөнүндө эссе сынактары, акындардын эл аралык "Айтыш-2019" сынагы, "Ырдайлы кыргыз ырларын" республикалык фестивалы да уюштурулат", - деп билдиришти улуттук комиссиядан.

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынып, 2009-жылы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин күнүн белгилөө жөнүндө" жарлык чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidar.001
2019-06-28 20:36:05
Катышабыз
0
Sajakat14
2019-06-29 01:16:17
Катышабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан