Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин 5-шаардык милициянын бөлүмүнөн уруулук боюнча шектелип, камакта алынган шектүү качып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү кечээ, 27-июнь күнү саат 15:00 чамасында качкан. Ал Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда төрөлгөн 26 жаштагы Эрмек Бактыяр уулу. "Уурулук" беренеси боюнча Биринчи Май РИИБинде камакка алынган.
"Шектүүнүн окуясы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 349-берене "камактан качуу" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Азыркы учурда Бишкек ШИИББинин криминалдык милиция кызматкерлери шектүүнү издөө иштерин активдүү улантууда", - деп билдирет басма сөз кызматкери.