Ысык-Көлгө эс алууга келген Өзбекстандын жараны сууга чөгүп кетти

Ысык-Көлдө санаторийлердин биринен 69 жаштагы аял көлгө чөгүп кетти. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБи тастыктап, буларды билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 14:20 чамасында санаторийлердин биринде болгон. Анда 69 жаштагы Өзбекстандан келген аял сууга чөгүп кеткен.

"Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келгенде анын каза болуп калганын аныкташкан. Маркумдун сөөгү Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Altyn2017
2019-06-28 20:36:12
Жаман болуптурда байкуш жаткан жери жайлуу болсун Узбек туугандарда тушунуу менен кабыл алышсында эми.
+11
toktor89
2019-06-28 20:42:22
Куткаруучулар даяр деп мактанып атты эле гоо
+7
Dembele84
2019-06-29 04:00:41
Коопсуздукту сакташ керек,удобство тузуп туристтерге и куткаруучулар тыкыр козомол салып туруш керек,
+3
nur...nur.
2019-06-29 12:11:25
Куткаруучу деген жокпу эмне
+1
souza.j
2019-06-29 12:38:57
Куткаруучу водалаз чоккон олукту алып чыкканына акча алат экен. Чого берсин десе керек
0
Nur777
2019-06-29 12:40:24
Куткаруучу кайда дегендерге,куткаруучу оой чогуп атам жардамга!!дегендерди же чогуп аткан кишилер байкап калып жардам сурагандарга жардам корсотот,анан адам деген силер ойлогондой же кинодогудай ызы-чуу менен чокпойт,кобунчосу ун-созу жок суунун астына кирип кетет,бироонун журогу кармайт,бироо инсульт алат ошол маалда,бироонун буту тырышып чыга албай калат ж.б толтура причинасы,ошол учун жанынардагыларга коз сала журуп тушкуло колго,озгочо жаш балдарга карагыла,озгочо ушулар ун-созу жок кирип к
+2
Nur777
2019-06-29 12:42:48
кетет сууга,сак болгула айланайындар!
Озбек жаранын да жалко,олум издеп келгенине..
Кудай сактасын деп коюп журо бербей "кыргызча" сак бололу,сактанганды Кудайым сактайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан