Чүй облусунун Кара-Балта шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне-баланын өлүмүнө шектүү кармала элек. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-июнда билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББинин криминалдык милиция кызматы издөө иш-аракеттерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп жатат.
Окуянын-чоо жайы:
19-июнда саат 17:56 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 30 жаштагы З.А. аттуу жарандан телефон чалуу болгон. Анда ал белгисиз бет кап кийген жарандар Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен жигити менен анын апасын бычактап кеткенин айткан. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, болжол менен 55 жана 30 чамасындагы эки адамдын жансыз денелерин табышкан.
Каза болгон эне-баланын кошунасы маркум "адамдык сапаты бийик, ишине тың, жоопкерчиликтүү болчу. Уулу акыркы жылдары Бишкекте жашап жүргөн. Өзү Кара-Балта шаарында жалгыз жашачу. Бири-бирибизге жардам берип, ал мага кеңешин айтып абдан жакын болчубуз. Эжени кыйнап, баланы мууздап өлтүрүшүптүр", - деп айтып берген.