Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын коргоочусу Валерий Кичин (сүрөттө 2-номурда) Орусияда өткөн мелдеште жеңиш голун киргизди. Бул 2-августта Орусиянын биринчи Лигасынын 6-турдук оюндарынын алкагында орун алган “Торпедо” - “Химик” командаларынын беттешинде катталды. Оюн 1:0 эсебинде “Химиктин” пайдасына аяктап, жалгыз голду Валерий Кичин оюндун 48-мүнөтүндө киргизди. Андан кийин “Торпедо” командасында эсепти теңөө мүмкүнчүлүгү болгону менен, Игорь Шевченко 11 метрлик айып соккусунда жаза басты. Эске салсак, мекендешибиз Орусиянын Премьер Лигасында ойногон “Волга” командасы тарабынан “Химикке” 6 айга ижарага берилген. Ал жалпы Орусиянын аймагындагы лигаларда 11 оюн өткөрүп, биринчи голун киргизди.