"Ak Orgo Boys" менен АИ-92нин "Дум-бари-думба" ырына тартылган клибинин бет ачары өттү

Бүгүн, 29-июнда Бишкектеги ресторандардын биринде "Ak Orgo Boys" менен АИ-92 командаларынын "Дум-бари-думба" ырына тартылган клибинин бет ачары өттү.

Аткаруучулардын айтымында, бул ыр Бишкек шаарына арналган. "Бишкекте туулуп-өскөнүбүздөн улам борбор калаабызга арналган ырды жазгыбыз келди. Клипке дагы Бишкектеги кооз жерлерди тарттык. Негизги атрибутикасы эски маршруттук транспорттор болду. Аны издеп, Сокулуктан таап, сатып алып жасалгалап азыр айдап жүрөбүз", - дешти аткаруучулар.

Мындан тышкары иш-чарада "Апоу" аттуу жаңы шаңдуу ырдын бет ачары болду.

Иш-чарага продюсер Нурлан Мамакеев, ырчы Мирбек Атабеков жана Мээрим Төлөпберген, ырчы Нурлан Насип, тамадалар Санжар Мыкыев, Актан Рыскелдиев, Мыктыбек Мукаев жана башка сахналаштары менен жакын достору куттуктап келишти.

“Дык-Кын-Дыштын” аткаруучулары дагы бир чыгарманын бет ачарын өткөрүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
HanTegin
2019-06-30 23:47:37
Бул ырды эн биринчи клиби чыга электе биз укканбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан