Мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Аида Салянова Кардиология жана терапия боюнча улуттук борборунан СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына тарапташтары билдиришти.
Алардын айтымында, дарыгерлер консилиум өткөрүп, Саляновага тез арада операция жасалышы керек деген чечимге келишкен. "Бирок буга карабай СИЗО-1ге которуп коюшту. Салянова өзү операцияга макулдук бербей койсо керек, анткени өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн", - деген пикирин айтты Асия Сасыкбаева.
21-июнда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.