Бишкекте турак үйлөр өрттөнүп, бир адам жаракат алды

Кечээ, 29-июнда Бишкек шаарында турак үйлөр өрттөнүп, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөлөрү билдирди.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо Казаков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдөн чыккан.

Аталган маалыматты Өрт өчүрүү кызматы тастыктады.

"Өрт тууралуу маалымат саат 23:00гө жакын келип түшкөн. Окуя болгон жерге алгач Ленин районунан 2, Биринчи Май районунан 1 өрт өчүрүүчү унаа барган. Өрт толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон 1 адам жаракат алып 4-шаардык ооруканага жеткирилди", - деп билдиришти өрт өчүрүү кызматынан.

Күйүп кеткен турак үйлөр 1 бөлмөлүү батирлер болгон. Жалпы 6 батир толугу менен күйүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан