Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Чоң-Капка автожолу" пунктунда үй буюмдары катары автоунаанын маңдайкы айнектерин ташып өткөрүү факты катталды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 199 даана автоунаанын маңдайкы айнегин ташып бара жаткан автоунаа кармалган. Айдоочу Орусиядан жеке үй буюмдарын гана алып келе жатканын билдирген, бирок текшерүү учурунда маңдайкы айнектер табылган. Ошондой эле ташуучунун товарды алып келүүгө уруксат берүүчү бардык документтери жок болгон: салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалым каты, коштомо кагазы жана башкалар.
Укук бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко берилди.