29-июнда "Ак-Тилек-Унаа жолу" пунктунда 24 тоннадан ашуун күйүүчү майды мыйзамсыз өткөрүп жаткан унаа токтотулду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган жерге Казакстандан Volvo үлгүсүндөгү унаа келген. Күйүүчү майдын аталышы жүккө байланыштуу уруксат кагазында белгиленген, бирок текшерүүнүн жыйынтыгында ал бензин экени аныкталган.
Бул факты боюнча 1986-жылы туулган Д.Г. аттуу Кыргыз жараны кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.