Чүй облусунун Аламүдүн районунда Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-июнда 26 жаштагы Б.С. аттуу эркек кишинин чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бүгүн издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн саат 06:05те жалпысынан 62 куткаруучу тартылды. Азырынча сууга чөгүп кеткен киши табыла элек.