Бишкектин Манас кең көчөсү менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жеңил унаа жөө адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 30-июнь күнү саат 21:00 чамасында болгон.
"Хонда Фит унаасы жөө адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучу ордунан турганга аракет жасап, бирок тура алган эмес. Аны "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү иштер аткарылууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.