Орусияда волейбол ойноо үчүн чогулган кыркка жакын кыргыз мигранттарын полиция кармап кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз жараны Т.А. WhatsApp`тан атайын баарлашуучу чат ачып, өзүнүн мекендештерин волейбол ойноого Москва шаарынын спорттук аянтчаларынын бирине чакырган. Аянтчага топ ойноо үчүн келген жарандарды көргөн адамдар полицияга кабар беришкен. Жерине атайын кызматкерлер келип топ уюштурган Кыргыз жаранын жана оюнга келген балдарды кармап кеткен. Аларды атайын бөлүмгө алып барып, суракка алышкан. Мигранттар топ ойногонго гана чогулганы маалым болгондон кийин полиция кызматкерлери коё беришкен.