Бишкектин Жал кичи районунда эки өспүрүмдү сабады делген жаран он күнгө камакка алынды

Бишкектин Жал кичи районунда эки өспүрүмдү сабаган деп шектелип жаткан жаран он күнгө убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "бейбаштык" беренеси менен шектелип жаткан жаран 29-июнь күнү камакка алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин "эки баламды урган адам жазасыз жүрөт. Уулдарымдын баш мээси чайкалып, биринин кулагынын тарсылдагы жарылып калды" деген балдардын апасы Гүлзат Жумакова SUPER.KG порталына кайрылган.

Окуя 20-июнь күнү саат 20:00 чамасында Жал кичи районунда орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MEN95
2019-07-01 16:16:47
тооба 10 эле кунгобу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан