Бишкектеги №5 шаардык милиция бөлүмүнөн качып кеткен жаран кармалды

Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин №5 шаардык милиция бөлүмүнөн качып кеткен шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү жаран 30-июндан 1-июлга караган түнү "Ош базарынын" аймагынан кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Шектүү 27-июнь күнү саат 15:00 чамасында Биринчи Май РИИБинин №5 шаардык милициянын бөлүмүнөн качкан. Ал Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун 26 жаштагы Э.Б. аттуу тургуну болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан