Шашылыш билдирүү! 3-4-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн

3-4-июлда аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты бүгүн, 1-июлда Кыргызгидрометтен билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана бийик тоолуу райондорунда, Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы аймактарда нөшөрлүү жаан-чачын болот. Айрым райондордо мөндүр жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

3-4-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Farra16gsin
2019-07-01 13:47:20
Эгер андай болбосочу калп айтканыңар үчүн ким жооп берет? дайымале калпты айтасыңар эчким жоопкерчиликти албайсыңар жалганчысыңар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан