ИИМ айрым жолдордо ылдамдыкты саатына 110 чакырымга чейин жогорулатууну сунуш кылды

Ички иштер министрлиги коомдук талкууга эл аралык маанидеги жолдордо ылдамдыктын жогорку чегин саатына 110 чакырымга чейин көбөйтүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Мыйзам долбоору министрликтин сайтында жарыяланды.

Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунун негизинде өлкөнүн транспорттук паркы коопсуз, жогорку ылдамдыктагы унаалар менен толукталып жаткандыгы жазылган. Ошондой эле акыркы жылдары эл аралык маанидеги жолдор оңдолгону, кайсы бир бөлүктөрүнүн чети, ортосу тосулганы, бул кырсыктарды азайтууга салым кошкону жазылган.

Буга байланыштуу жолдордун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү максатында жол шарттары туура келген аймактарда ылдамдыктын чегин жогорулатуу маселесин кароо керек экендиги айтылат.

Учурда калктуу конуштардан сырт жерде ылдамдыктын эң жогорку чеги саатына 90 чакырым деп белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Komrad
2019-07-01 16:29:23
Маселе эмнеде?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан