Ош облусунун Алай районунда Башкы штабда келишим менен иштеген аскер асынып алды. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ефрейтор Б.Г.нын жансыз денеси бүгүн, 1-июлда Гүлчө айылындагы таятасынын үйүнөн табылган. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, Алай РИИБи жана Аскердик прокуратура бул окуя боюнча териштирүү иштерин баштады.
Май айында Ош ШИИБине "телефонумду уурдап алды" деген кыз жоокердин үстүнөн арыз жазган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткан.