"Азия Молл" соода борборунан өрт чыкты делген маалымат жалган

Бүгүн, 1-июлда саат 14:00дөр чамасында Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунан өрт чыкты деген маалымат социалдык тармактарда тараган.

Аталган соода борбордун башкы администратору Азиз Нуржанов эч кандай өрт катталбаганын SUPER.KG`ге билдирди.

"Биздин соода борбордо абал туруктуу. Эч кандай өрт катталган жок, болгону 3-кабатта ашканалардын биринде май түтөп, ал жакты коюу түтүн каптаган. Жабырлануучулар жок, өрт өчүрүүчүлөр келип кайра кетишти. Күндөгүдөй эле иштеп жатабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан