Аламүдүн районуна караштуу Өскөн-Ордо жаңы конушунда куураган чөптөр өрттөнүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар SUPER.KG'ге билдиришти.
"Өрт бүгүн, 1-июлда түштөн кийин башталды. Чака менен суу ташып, өз күчүбүз менен өчүрүп жатабыз. Куураган чөптөр эле өрттөнүүдө ", - дешет алар.
Өрт эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз. Жабыркагандар жок.