Кыргыз жарандары үчүн Түркияда иштөөгө керектүү документтердин топтомунун баасы эми 80 долларды түзөт. Буга чейин 283 доллар болчу

Түркияда иштөөгө кетип жаткан Кыргыз жарандары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Бишкекте Раззаков №2 дарегинде Виза борбору ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, документтерди даярдоонун баасы кыйла арзандады. Эгер буга чейин Түркияда иштөөгө керектүү документтердин топтомунун баасы 283 доллар болсо, эми 26-июндан тарта 80 долларды түзөт. Анын ичине төмөнкүлөр кирет:

- эмгек визасын даярдоо - 30 доллар;

- Виза борборунун комиссиясы - 50 доллар.

"Документтерди даярдоонун баасынын арзандашы Кыргыз жарандары үчүн, айрыкча туристтик сезондо ыңгайлуу шарттарды түзөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Agayu
2019-07-02 00:13:25
Саламатсыздарбы ! Бул негизи жакшы жанылык туугандар , бирок эжэ карындаштарыбызды Туркторго салып бергендей болуп калбайлы абайлайлы !! Туркияда жургон кыз келиндер коп жаман жолго кетип калышат деген соз бар Орто Азияда..
+5
make2
2019-07-02 01:06:51
Мен эки жылдан бери Анталияда иштеп жатам, сексен процент түрктөр менен жүрөт, кыздар, келиндер, кырктан ашкан эжелер, жалгыз ишенип жибербегиле
+5
Feiza1982
2019-07-02 01:57:51
Ал ар бир адам өзүнөн деп ойлойм баскысы келип жаткысы келген кыз келиндер Кыргызстанда жүрүп туруп эле бузулуп жатышат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан