Москвадагы Борбордук кино үйүндө кыргыз режиссёру Абдыш Айылчиевдин "Бийиктик-144.0" даректүү көркөм тасмасынын бет ачары болду. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, тасма Орусияда жыл сайын белгиленип келген 1-июль - Аскер ардагерлеринин күнүнө карата көрсөтүлдү. Анда Улуу Ата Мекендик согушка Сузак районунан аттанып, Советтер Союзунун баатыры наамын алган Тукубай Тайгараевдин жана анын майдандаштарынын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери тууралуу баяндалган.
Тасманын бет ачарына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, Москвадагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, Тукубай Тайгараевдин жердештери катышты.
Бул тасманы тартууга Кыргыз элчилиги көмөк көрсөткөн.