Токмокто үйлөнүү тойго келип уулангандардын саны 85ке жетти

Чүй облусунун Токмок шаарында үйлөнүү тойго келип уулангандардын жалпы саны 85ке жетти. Маалыматты SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыктады.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Токмок аймактык ооруканасына 38 адам кайрылып, алардын алтоо ооруканага жаткырылып, калганына амбулатордук жардам көрсөтүлүп үйлөрүнө жиберилген. Алардын арасында 10, 12 жана 13 жаштагы балдар бар.

Ал эми Кочкор районунун жугуштуу оорулар бөлүмүнө 16 адам кайрылып, баары жаткырылган.

Бишкек шаарынын жугуштуу оорулар ооруканасына 31 адам кайрылып, алардын 9у дарыланууга жаткырылган. Учурда бейтапканаларда дарыланып жаткандардын абалы туруктуу.

Токмок шаарында үйлөнүү той болгон. Тойго кыздын жакындары Кочкор районунан келген.

Буга чейин Токмок шаарынын ооруканасына 20 адам кайрылган. Алардын 16сы амбулатордук жардам алып үйлөрүнө жиберилген. Ал эми 4 адам ооруканага жаткырылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан