SUPER.KG миллиондун артынан миллионду багынтты!

SUPER.KG порталынын super.kg_official расмий Инстаграм баракчасындагы катталуучулардын саны 1 миллионго жетти! Бир ай мурда SUPER.KGнин негизги өнөктөшү “Супер-Инфо” гезитинин расмий Инстаграм баракчасындагы катталуучулардын саны да миллиондук чектен ашкан. Мындай көрсөткүчкө Кыргыз мамлекетиндеги маалымат каражаттарынын, дегеле компаниялардын арасынан биринчилерден болуп “Супер-Инфо” жетти. Көп өтпөй эле миллиондун артынан миллионду SUPER.KG багынтты.

Урматтуу окурмандар, удаасынан келген жагымдуу жаңылыгыбызды сиздерге бөлүшкүбүз келип турат...



13 жылдык тарыхы бар SUPER.KG порталы кыргыз тилдүү сайттардын сап башында келе жатат. Буга далилдердин бири катары 2017-жылы “М-Вектор" консалтинг компаниясы SUPER.KGни Кыргыз жергесиндеги кабар таратуучу сайттардын эң алдыңкысы деп тапканын айтууга болот. Ушул жылы SUPER.KG күн тартибин аныктаган, коомдук пикир түзүүчү ЖМКлардын сап башын ээлегендиги жарыяланган. Бул иликтөөнү медиа эксперттердин тобу “Сорос” фонду менен бирге жүргүзгөн.

Маалымат айдыңында иш алып барган кыргыз тилдүү сайттардын арасында атаандаштык күчтүү болгонуна карабай, SUPER.KG Google Analytics рейтинг аныктоочу ресурсунун көрсөткүчү боюнча 2018-жылы 436 миллиондон ашуун (2017-жылы 336 миллиондон ашуун) жолу каралган. Бул жыл ичинде күн сайын миллиондон ашуун кароо болуп турат дегенди билдирет. Андыктан бир гана порталдын аянтчасында эмес, социалдык тармактардагы расмий баракчаларыбызда да миллиондук аудиторияга ээ болуу бизди шыктандырат.



SUPER.KG Инстаграмда расмий баракчасына катталган колдонуучуларына соңку 5 жылдан бери күндүн өзөгүн түзүп жаткан коомдук-саясий жана башка тармактардагы кызыктуу окуяларды жеткирип келет. Ошентип SUPER.KG Кыргыз Республикасындагы алгачкы "миллионер" маалымат порталы болду. Мындан жарым жыл мурда SUPER.KG порталы YouTube'дун "Күмүш баскычына" да ээ болгон. "Күмүш баскыч" YouTube каналынын авторлоруна жүз миңден ашуун катталуучу топтогондон кийин берилет, ал эми учурда катталуучулардын саны жарым миллиондон ашкан.

Сутка эмес, саат, мүнөт, секунд сайын өзгөрүп турган маалымат айдыңындагы ийгиликтин артында чоң жоопкерчилик турат. SUPER.KG порталы миллиондогон окурмандарынын жана өнөктөштөрүнүн ишеними жана тандоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Бул бийиктик биз үчүн чек эмес!

SUPER.KG миллиондун артынан миллионду багынтты!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
tilek121277
2019-07-02 11:56:43
Кутуктайбыз супер кж
-9
nurikkg88
2019-07-02 12:40:05
Шефинер дагы миллион бардык жагынар миллион куттуктайбыз!!!
+13
futboler
2019-07-02 15:55:30
Куттуктайбыз супер-миллион, саясат рубрикасында талкууну ачып койгулачы эми ошол миллиондун урматына.
+7
admin_media
2019-07-02 15:58:28
futboler,
Саламатсызбы! Саясат бөлүмүндө провокация жараткан билдирүүлөр жана эреже бузуулар көп болгондуктан жабылган.
-24
Mister-X
2019-07-08 13:51:59
admin_media,Эреже бузгандарды текшерип турган кызматчынар жокбу?Окурмандар да олкобуз олку-солку болуп турганда оз пикирлерин билдиргени жакшы го.
+1
admin_portal
2019-07-08 15:09:46
Mister-X, сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
Snejana
2019-07-02 18:48:16
Супер куттуктайм. Азаматсынар!
-15
Iightning57
2019-07-02 19:43:12
Super.kg - Кыргызстандагы мыкты сайт!
-23
Agayu
2019-07-02 21:36:49
Супер инфо куттуктаймын биринчиден !
Акыркы күндөрү ХХХХХХХХХ жаштары мыкты болуп барайтат .Ошол эле изденүүсү Кыргыздарга жакшы маанайларды тартуулашты .Супер инфодо өзгөрүү аз негедир .
-9
altyn7776
2019-07-05 15:45:10
админ бир жактуулукка кордунуздорбу канча минус басылып жатканын, калыс болунуздар. Ишиниздерге ийгилик каалайм!
+4
Mister-X
2019-07-08 13:48:03
Мактаган аз,жамандаган коп.Озунорду мактабагыла,элдин мактоосуна татыгыла!
+1
Targarien
2019-07-08 19:11:56
Супер инфонун оноктошу super kg дейт экоосу бир компанияныкы да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан