"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин балдары өз алдынча иликтөө жасап, президентке кайрылышты. Аталган видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Камактагы саясатчынын балдары атасы Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө берген орусиялык ишкерлер Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин берген көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбей турганын, эс алуучу жайлардын биринде болгон жолугушуу да ойдон чыгарылганын айтып чыгышты.
Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данэк буга окшогон фактылар кылмыш ишинде көп экенин, эмне себептен Башкы прокуратура жана башка органдар мындай нерселерди эске албай жаткандыгына кызыккан.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.
3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.
Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча жактоочулардын арызын 16-июлда карайт.