Арыс шаарындагы жарылуудан жабыркагандарга Кыргыз өлкөсүнөн гуманитардык жардам жиберилди

Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуудан кийин Кыргыз өлкөсүндө ыктыярчылар тарабынан жардам берүү пункту ачылган. Кайрымдуулуктан топтолгон каражаттар Казакстанга жиберилгенин жеке ишкер Жапар Усенов жазып чыкты.

"Кайрымдуулук акциясы учурунда 200 килограммга жакын каражат топтолгон. Жарандар жуунуучу каражаттарды, наристелердин памперсин, кийим-кече алып келишкен. Мындан тышкары 3 миң сом акча каражаты дагы топтолгон. Гуманитардык жардамды "El Tiregi" казак ассоциациясы алып, муктаждарга таратып берет. Чогултулган каражаттар 1-июль күнү Казакстанга жиберилген", - деп жазган ал.

Арыс шаарында 24-июнда эртең менен жарылуу орун алып, тургундар башка аймакка көчүрүлүп, шаар толугу менен эвакуацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek.Svoboda.
2019-07-02 15:40:18
Азамат кыргыз элим ушундайда эч нерсесин аябайт.Жараткан озу элибизге жерибизге ыйман ынсап берип ыраазы болсун.
+8
Agayu
2019-07-02 17:12:20
Эң сонун иш болгон ! Себеби жакын элбиз Казахстан аркылуу бүт жака чыгабыз . Бул нерсе адамдын жүрөгүндө калат турган нерсе.
+4
Muslim_KGstana.
2019-07-02 21:16:24
Казакстан озун озу эптей албагыдай Кыргызстан дейсинерби???
Алар бизсиз эле мамлекет каалаган нерсесин бутуруп берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан