Жаңы үлгүдөгү паспорттордун бланктарын жасоо боюнча тендерди уткан "Гарсу Пасаулис" компаниясы Бишкектин райондор аралык сотунун чечиминин үстүнөн шаардык сотко даттанды. Бул маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Буга чейин 29-майда Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда ePassport`тун бланктарын жасоо боюнча иш каралган. Бул сотко "Muhlbauer ID Services GmbH" компаниясы (Германия) кайрылып, Мамлекеттик каттоо кызматынын тендердик комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн. Тендерди "Гарсу пасаулис" компаниясы (Литва) уткан болчу.
Соттун чечимине ылайык, Мамкаттоо кызматынын тендердик жана мекемелер аралык көз карандысыз комиссиясынын чечимдери жараксыз деп табылган. Мындан тышкары Мамкаттоо кызматы жана Мамлекеттик сатып алуулар департаменти "Muhlbauer" компаниясын 2 миң сом төлөөгө милдеттендирген.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылы күзүндө Мамлекеттик каттоо кызматы ePassport`тун бланктарын сатып алуу үчүн тендер жарыялап, 1 миллиард 2 миллион сом сунуштаган. Бланктарды эң арзан баада сатарын (686 миллион 772 миң 250 сом) "Muhlbauer ID Services GmbH" компаниясы билдирген. Бирок бааны 940 миллион 150 миң сом деп көрсөткөн "Гарсу пасаулис" тендердин жеңүүчүсү болуп чыккан. Буга германиялык компания нааразы болуп, сотко кайрылган.