Маалыматка ылайык, мындан ары шаар тургундары жана коноктору таштандыларды бөлүп ыргыта алышат. Ал үчүн 3 контейнер бириктирилип коюлуп, биринчисине айнек, экинчисине желим жана үчүнчүсүнө кагаз таштандыларды ыргытууга ылайыкталган.
"Биринчи этапта жалпысынан 10 контейнер орнотулду, анын алтоо Курманжан Датка эстелигинин айланасында коюлган. Дагы экөө жакынкы убакыт аралыгында Чүй жана Манас кең көчөлөрүнүн кесилишине орнотулуп, дагы экөө У.Салиеванын скверине коюлат", - деп айтылат маалыматта.