Көкөмерен суусуна унаасы менен түшүп кеткен Чүй облусунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин жансыз денеси табылды

Суусамыр өрөөнүндөгү сууга унаа менен түшүп кеткен Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда ӨКМдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Молдакун Абдылдаевдин жансыз денеси саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 чакырым алыстыкта, ал эми анын айдоочусунун жансыз денеси Арал айылынын тушунан табылган. Алардын жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, Кара-Балтадагы өлүкканага жеткирилген.

"Кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери саат 20:30да убактылуу токтотулган. Ал эми эртең, 3-июлда үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн издөө иштери улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, 30-июнь күнү саат 13:30 чамасында Жайыл РИИБине Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткени тууралуу күбөлөрдөн билдирүү келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, унааны тапкан эмес. Күбөлөр көрсөтмө берип, бул факты Жайыл РИИБинде катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Жеринде ӨКМнын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Ал эми Абдылдаевдин жакындары унаанын ичинде 4 чоң киши жана 1 бала болгонун, акыркы жолу Жумгал районуна жеткенде байланышка чыкканын айткан.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Молдакун Абдылдаевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Көкөмерен суусуна унаасы менен тушүп кеткен чиновник изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Muslim_KGstana.
2019-07-02 23:43:06
Мына Кыргыздар тойдун айынан кырсыктап,жеп,семирип жок боло турган болдук.
Аттин бир уй-булоо бир кундо жок болду...
Жаткан жерлери жайлуу болуп,Аллах Таала оз мээримине алсын((
-4
Tolkun555
2019-07-02 23:47:26
Аллах бейиштен насип кылган болсун. Арман дуйно
+1
aerforce
2019-07-03 01:03:46
Өтө жаиан иш болуптур бир үй бүлө жок бир заматта айрыкча кичикей наристе эч нерсе көрбөй кетти(( жаткан жерлери жайлуу болсун кудайым бейишин берсин
+3
KaGaH
2019-07-03 18:43:24
Күмөндүү иш
0
Stark.T
2019-07-03 21:22:04
Козумо жаш айланып Кетти!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан