2-июлда алып баруучу Нурзат Токтосунова өзүнүн туулган күнүн жакындарынын курчоосунда белгиледи.
Бул кечте алып баруучуга дээрлик ар бир конок гүл көтөрүп келип, күн күнөөкөрүнүн кулачы гүлдестеге толду. Токтосунова быйыл 36га чыгып мүчөл жашын өткөрүүдө. Кара кийик жылында туулган Нурзат Токтосунова: "Кызым экөөбүз тең Доңуз (Кара кийик) жылында туулганбыз. Анын ырымын кылып жолдошум мага кызыл көйнөк алып берди. Ал эми кечеге мен эң жакын деп санаган адамдар келди. Ар бирине ыраазымын", - дейт.
Ал эми бул маанилүү датаны белгилөө демилгеси алып баруучунун жолдошу тамада Максат Надырбековдуку болгон. Бул боюнча ал: "Келинчегимдин туулган күнүн белгилебейт деле болчубуз. Бирок баары бир жакындарыбыз куттукташат, белгилебесек да "чакырбадыңар" деп таарынышат деп эки күн мурда эле чукул пландай койдук", - дейт.
Туулган күндүк кечеде жигиттер арасында чүкө атуу, кыздар арасында аркан тартыш оюндары болуп жеңүүчүлөр белектер менен сыйланышты. Ал эми кеченин соңунда конокторго алдын ала берилген катар сандар боюнча лотерея ойнотулуп, баш байгеге коюлган 100 АКШ долларын ырчы Гүлнур Асанованын эжеси Айнура Асанова утуп алды.
Ыр, бий коштолгон кече бата менен аяктады.